Борбордук Азиядагы Америка университетинин лектору дата-журналистика боюнча семинар уюштурду

2017-12-22 11:30:25 55

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 20-декабрда Борбордук Азиядагы Америка университетинин дата-журналистика боюнча лектору Анастасия Валеева «Дата-журналистикасынын негизги принциптери» деген темада семинар-тренинг өткөрдү. Семинарга журналистика кафедрасынын окутуучулары, журналистика багытында билим алып жаткан студенттер, ошондой эле журналисттер катышты. Семинардын жүрүшүндө Анастасия Валеева дата-журналистиканын жаралуусу, анын кыргыз журналистикасындагы орду, маалыматтар базасы менен иштөөнүн, дата-журналистика менен иштөөнүн жолдору боюнча презентация жасап, кеңири маалымат берди. Семинардын катышуучулары кызыктуу баяндамага күбө болуу менен кызыктырган суроолорун беришип, лектордон тиешелүү жоопторду алышты.