Радиожурнал боюнча семинар болуп өттү

2017-10-07 10:44:01 56

16-cентябрь күнү журналистика адистигинин студенттерине «Ынтымак» телерадио компаниясы уюштурган «Радиожурнал» боюнча кастинг өткөрдү. Кастингдин негизинде 12 студент тандалып алынып, 2 күн теория окушса 4 күн практикалык сабак окушту. Практикалык сабакта студенттер тайпаларга бөлүнүп радиоматериалдарды даярдоого жетишишти. Студенттер тарабынан даярдалган радио материалдар «Ынтымак» телерадио компаниясынын эфиринен айына 2 жолу берилет. Семинарды жогоруда аты аталган телерадионун радио бөлүмүнүн кабарчысы Алтынай Балтабаева өттү. Акыркы практикалык сабак 28-сентябрь күнү аяктады. Бул семинардын 2-этабы дагы уланып, жыйынтыгында тандалган таланттуу студенттердин ичинен 3 студент дагы тандалып алынып, радиожурналда иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат. //www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20171007115151-jurfak.jpg