"Ыйман сабактары" деген тамада жолугушу болуп өттү

2017-03-16 14:28:26 54

2017-жыл «Ыйман, Адеп жана Маданият» жылына карата бүгүн, 16-мартта күнү саат 13-00 дө «Ыйман сабактары» деген темада адеп-ахлак боюнча журналистика адистигин студенттерине диспут жолугушуу болуп өттү. Аталган иш-чарага президенттин алдында түзүлгөн «Ыйман» фондунун түштүктөгү өкүлү Айбек Арзыкул уулу, теология факультетинин бүтүрүүчүсү, «Эрдем» мечитинин имамы Мунар Акматов келип, бүгүнкү күндөгү жаштар, алардын жүрүм турумдары, ата-эне тууралуу сөз кылып, студенттерди адеп-ахлакка чакырды. Ошондой эле студенттердин кызыктырган суроолоруна кеңири жооп берип, «Аллага ыйман келтирүү», «Китептерге ыйман келтирүү», «Акыретке ыйман келтирүү», «Тагдырга ыйман келтирүү», «Периштелерге ыйман келтирүү» деген аталыштагы китептерди студенттерге, кафедранын окутуучуларына белекке беришти. Иш-чара журналистика кафедрасынын мүчөлөрү тарабынан уюштурулду жана негизги максаты cтуденттерди туура жолго үндөө болуп эсептелет.