Тайпалар ортосунда "БРЭЙН-РИНГ" өткөрүлдү

2017-03-16 13:22:10 56

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 15-март күнү саат 13-00 дө 3-4-курстар ортосунда " Ыйман, адеп жана маданият" жылынын алкагында уюшулган илим жумалыгында "БРЭЙН-РИНГ" өткөрүлдү. Жогоруда аты аталган интеллектуалдык оюнду ОшМУнун доценти С.Амиралиев алып барды жана студенттер активдүү катышышты. Жыйынтыгында кыргыз тили жана адабияты адистигин «КЛ(б)-2-14» тайпасы 1-орунду багындырса, командада активдүү катышкандыгы үчүн журналистика адистигинин "ЖК-1-14" тайпасы, ал эми "ЖК-1-14" тайпасынын студенти Осмон кызы Бегимай,«КЛ(б)-2-14» тайпасынын студенти Эргеш кызы Гүласел "Мыкты оюнчу" деген ардак грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле деканат тарабынан уюшулган белектерге да ээ болушту.