Илимий жумалык башталды

2017-03-13 14:39:51 72

2017-жылдын 13-мартынан 17-мартына чейин ОшМУда илимий жумалык деп жарыяланып, журналистика кафедрасында илимий жумалык башталды.Бүгүн саат 13-00 дө журналистика адистигинин 1-2-3-курстарына "Сабаттуу журналист" долбоорун ишке ашыруу максатында "Адам көркү адеп" деген темада жат жазуу алынды. Ошондой эле студенттерге "Адеп менен маданияттуулукка зарылдык", "Ыйманың болсо адамсың, ыймансыз болсоң наадансың", "Адептүүнүн алары алкыш", "Адам көркү адеп", "Маданият улуттун жүзү" деген темалар сунушталып, студенттер өздөрү жогоруда аталган темалардын бирөөсүн тандашып эссе жазышты.