1-2-курстар ортосунда

2017-02-16 14:01:15 53

15-февраль күнү журналистика адистигинин 1-2-курстар ортосунда " Ыйман, адеп жана маданият" жылына карата "БРЕЙН РИНГ" өткөрүлдү. Жогоруда аты аталган интеллектуалдык оюнду ОшМУнун доценти С.Амиралиев алып барды жана студенттер активдүү катышышты. Жыйынтыгында 1-орунду 2-курстар багындырса, ал эми командада активдүү катышкандыгы үчүн 1-курсунун студенти Жаныбек кызы Мимоза, 2-курсунун студенти Жаныбек кызы Батма "Мыкты оюнчу" деген ардак грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле кафедра мүчөлөрү тарабынан уюшулган белектерге да ээ болушту.