Журналисттерге англис тилинде мастер-класстар өтүлүүдө

2016-11-28 09:53:33 66

Журналистика бөлүмүнүн 1-3-курстун студенттерине англис тилин тереңдетип үйрөтүү максатында мастер-класстар өтүлүп жатат. Бул иш-чараны журналистика бөлүмүнүн телерадио жана басма сөз лабораториясынын техникалык лаборанты Таалайбеков Дурусбектин демилгеси менен уюшулуп, жаш волонтер Турсунбек уулу Уларбек интерактивдүү методдор менен мастер-класстарды өтүүдө.