Журналисттер ынтымак медиа мектебин аякташты

2016-11-25 15:45:10 58

Ош шаарында биринчи жолу универсалдуу журналисттер тарбияланды. Маркум Т.Турсуналиев атындагы медиа мектеп 2016-жылдын август айында медиа мектеп болуп түзүлгөн. Бул мектептин максаты "Универсалду журналисттерди" тарбиялоо болуп саналат. Жогоруда аты аталган медиа мектепке журналистика бөлүмүнүн 2-3-4-курстарынын студентери кастинге катышып, үч ай төрт багыт боюнча (теле, радио, сайт, гезит) билим алышты.Тандалган болочок журналисттерге белгилүү журналисттер семинар, тренингдерди өтүп, практика жүзүндө айкалыштырды. Журналистика бөлүмүнөн жалпысынан 8-студент окуп, 18-ноябрда ар бир катышуучуга номинация ыйгарылып, сертификаттар тапшырылды. Айта кетсек 2-курсунун студенттери Маликова Г. "Мыкты кабарчы", Абдулла кызы К. "Тараптарга тартпаган татыктуу кабарчы", Ыбалова Н. "Чыгаан гезит кабарчысы", Осмонов Д. " Диктор-Модератор", 3-курстан Осмонова К. "Көп тил билген кабарчы", Алимбекова Ж. "Чындыкты издеген кабарчы", Жээнбекова Г. "Эл аралык журналист" номинациясына ээ болушту. Ошондой эле 3 ай бою окуп билим алган таланттуу студенттердин арасынан Маликова Гулиза "Балакай" аттуу долбоорун жазып, 120 миң сом, Маткалыкова Муккадамкан "Салам тууган" долбоорун жазып 80 миң сом гранттык каражатын утуп алды.