Ата-энелер жыйыны болуп өттү

2016-05-24 16:17:20 57

2016-жылдын 24-май күнү "ЖК-1-14" тайпасында ата-энелер жыйыны өткөрүлдү. Тайпада негизинен 17 студент бар, жыйынга 17 ата-энелер, предмет мугалимдер келип катышышты. Тайпанын куратору С.Эргешова студенттердин сабакка катышуусу, жетишүүсү жана коомдук иштердеги жетишкен ийгиликтери тууралуу маалымат берди. Тайпанын 1-курстан берки катышкан иш-чаралары боюнча видео-сюжеттер даярдалып көрсөтүлдү. Ата-энелер Факультет ичинде аудиториялар менен таанышуу максатында экскурция уюштурулду. Алдыдагы максаттар, ой-пикирлер менен ата-энелер жана окутуучулар ой бөлүшүштү.