Жаштар - диний - экстремизмге каршы!

2016-04-08 13:31:36 51

Журналистика бөлүмүндө 8-апрель күнү саат 11-00 дө "Жаштар диний-экстремизмге каршы" деген темада Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана Ош облустук Ички Иштер Башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков менен биргеликте жолугушуу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө учурдагы коомчулуктун көйгөйүнө айланып бара жаткан диний башаламандык, экстремизмдин, терроризмдин жана жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маалымат берилип, студенттер арасында суроо-жооп, талкуулар болду.