Журналистика адистигинин 4-курсунун студенти Залкарбек кызы Жаннат «Атуулдук стипендиясынын» ээси болду

2025-11-24 07:47:08 8

2025–2026-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинде мыкты студенттерди колдоого багытталган салттуу «Атуулдук стипендиясы» ыйгарылды. Быйылкы жылдын жеңүүчүлөрүнүн катарында журналистика адистигинин 4-курсунун студентти Залкарбек кызы Жаннат да бар. Сыйлык 20-октябрь күнү расмий аземде тапшырылды. Иш-чарага университет ректору Оштогу жогорку окуу жайлардын эң абройлуу сыйлыктарынын бири болгон «Атуулдук стипендиясы» быйыл да өз ээлерин тапты. 2024–2025-окуу жылына карата өткөн тандоонун жыйынтыгында журналистика адистигинин 4-курсунун студенти Залкарбек кызы Жаннат стипендияга татыктуу болду. Кубанычтуусу журналистика адистигинин студенттери акыркы үч жыл катары менен бул сыйлыктын жеңүүчүлөрүнүн катарынан орун алып келишет. 2023–2024: Арууке Камалова 2024–2025: Мээрим Айтмаматова 2025–2026: Залкарбек кызы Жаннат Бул – биздин адистиктеги студенттердин аракетин, билим сапатын жана чыгармачылык потенциалын айгинелеген чоң көрсөткүч. Журналистика кафедрасы Залкарбек кызы Жаннатты чын жүрөктөн куттуктайт жана анын мындан аркы ийгиликтерине ишеним артып, чыгармачылык колдоо көрсөтүүнү улантат. Залкарбек кызы Жаннатты чын жүрөктөн куттуктайбыз! Анын аракеттүүлүгү, билимге болгон умтулуусу жана чыгармачылык изденүүсү — жалпы кафедра үчүн сыймык. Журналистика кафедрасы мындан ары да студенттердин өнүгүүсүнө, дагы да чоң ийгиликтерге жетүүсүнө колдоо көрсөтө берет.