ОшМУнун журналистика багытынын студенттери “Жеңиштин жат жазуусу” эл аралык акциясына катышышты

2025-04-25 09:13:50 58

Бүгүн, 25-апрелде, Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата уюштурулган “Жеңиштин жат жазуусу” аттуу эл аралык патриоттук акцияга Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигинин студенттери активдүү катышышты. Иш-чаранын алкагында студенттер согуштун тарыхын эскерүү, ата-бабалардын эрдигин баалоо жана тарыхый мурасты келечек муундарга жеткирүү максатында ар түрдүү чыгармачыл тапшырмаларды аткарышты. Эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн бул акция жаштарды мекенчилдикке, тарыхты урматтоого тарбиялоо максатын көздөйт. Катышкан студенттерге атайын сертификаттар тапшырылып, алардын аракеттери жана демилгелери жогору бааланды. Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин тарыхый аң-сезимин калыптандырууда жана жарандык жоопкерчиликти арттырууда чоң мааниге ээ.