ОшМУда “Коомдук аң-сезимди калыптандыруудагы ТВнын ролу” аттуу конок-лекция өттү

2025-04-11 10:06:53 62

Бүгүн, 11-апрель күнү ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика адистигинин студенттери үчүн маанилүү илимий-тажрыйбалык иш-чара уюштурулду. Журналистика жана коммуникация тармагындагы белгилүү адис, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун директору, саясат таануу илимдеринин кандидаты, доцент Костюк Ширин Аалиевна “Коомдук аң-сезимди калыптандыруудагы телевидениенин ролу” аттуу конок-лекция окуп берди. Иш-чаранын жүрүшүндө конок лектор массалык маалымат каражаттарынын коомго тийгизген таасири, коомдук аң-сезимдин медиа аркылуу калыптанышы, телевидениенин социалдык функциялары жана учурдагы медиа процесстер тууралуу кеңири маалымат берди. Лекция учурунда төмөнкү маселелерге басым жасалды: -Массалык медианын коомдук аң-сезимге таасири жана анын философиялык-этикалык аспектилери; -Телевидениенин коомдогу орду, социалдык ролу жана маалымат берүү механизмдери; -Пропаганда жана манипуляция инструменттери, маалыматтык коопсуздуктун мааниси; -Кыргыз медиасындагы заманбап тенденциялар жана келечек багыттар. Жолугушууга катышкан студенттер конок лектордун мазмундуу баянына жигердүү катышып, суроолорду берип, медианын коомдогу орду боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү. Костюк Ширин Аалиевна өз баяндамасында төмөнкүдөй белгилеп өттү: “Бүгүнкү заманда коомдук аң-сезим медиа аркылуу калыптанат. Телевидениенин таасири азайган жок, ал болгону жаңы форматка өткөнү болбосо, аудитория менен иштөө принциптери терең өзгөрүүдө.” Иш-чаранын соңунда конок-лекторго ыраазычылык билдирилип, келечекте дагы кызматташтыкты улантуу боюнча тилектер айтылды.