Журналистика багытынын студенттери үчүн шыктандыруучу мастер-класс: Нейросеттер дүйнөсүнө саякат

2025-04-05 03:14:08 72

3-апрель күнү Педагогика, искусство жана журналистика институтунда Журналистика адистигинин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү — Адыл Акжол уулу жана Сали уулу Улукбек — студенттер үчүн "Нейросеттер" темасында мастер-класс өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү, нейросет куралдарын журналисттик иште кантип колдонсо болору тууралуу кеңири маалымат алышты. Спикерлер катышуучуларга нейросет куралдарынын негиздерин гана эмес, аларды практикалык журналистикада кантип колдонсо болорун да көрсөтүп беришти. Теория менен практиканы айкалыштырып, кыска убакытта студенттерди кызыктуу инструменттер менен иштешип, нейросеттен өздөрүнүн сүрөттөрүн жасап көрүштү. Өзгөчө контент жаратуу, текст жазууда жана графикалык материалдарды даярдоодо нейросеттин мүмкүнчүлүктөрү катышуучуларды таң калтырды. Иш-чаранын аягында студенттер суроолорун берип, өздөрүнүн идеяларын бөлүшүп, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө шыктанышканын белгилешти. Мастер-класс жаш журналисттер үчүн чоң тажрыйба болуп, кесиптик өнүгүүгө кошумча түрткү берди. Мындай жолугушуулар студенттерди заманбап технологиялар менен жакындан тааныштырып, чыгармачылык менен иштөөгө шыктандырып келет.