Журналистика адистигинин студенттерине пайдалуу мастер-класс: мобилография жана жеке бренд сырлары

2025-04-05 02:46:47 43

4-апрелде Журналистика адистигинин 4-курсунун студенти Муслима Довурова өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, 1-2-курс студенттери үчүн "Мобилография + Жеке бренд" темасында мастер-класс өткөрдү. Иш-чара учурунда Муслима мобилдик телефондун жардамы менен кызыктуу контентти кантип түзүү керектигин, видеону туура тартуу жана монтаждоонун жөнөкөй жолдорун, ошондой эле жеке брендди кантип өнүктүрсө болорун түшүндүрүп берди. Студенттер практикалык кеңештерди угуп, суроолорун берип, тажрыйба топтоого мыкты мүмкүнчүлүк алышты. Катышкандар мастер-класстан "Көп нерсени үйрөндүк, азыр эле колдонуп көргүбүз келип жатат!" — деп өз ойлору менен бөлүшкөндөр болду. Мындай иш-чаралар студенттер үчүн чоң мотивация берип, кесиптик жолундагы алгачкы кадамдарын ишенимдүү таштоого шыктандырат. Мындай иш-чаралар студенттердин чыгармачылыгын арттырып, заманбап медиа чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.