ОшМУ "Жоогазын" фестивалындагы дебатта 1-орунду ээледи

2025-03-28 16:29:35 81

Бишкекте өтүп жаткан "Жоогазын" фестивалынын акыркы күнүндө ЖОЖдор арасында уюштурулган дебаттык турнирде Ош мамлекеттик университетинин командасы 1-орунду ээледи. Бул интеллектуалдык таймашта студенттер өзүнүн аналитикалык ой жүгүртүүсүн, аргументтерди таасын коргоо жөндөмүн жана логикалык талдоо жүргүзүү чеберчилигин көрсөттү. Дебаттык турнирге беш команда катышты Иш-чарага төмөнкү жогорку окуу жайларынын студенттери катышты: ✅ Кыргыз улуттук университети (КУУ) ✅ Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (ЕНУ) ✅ Москва мамлекеттик университети ✅Уральск университети ✅ Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Жеңүүчү болгон ОшМУнун командасы атаандаштарына салыштырмалуу күчтүү далилдерди келтирип, жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү. ОшМУнун студенттери интеллектуалдык мелдеште алдыга чыкты Дебат учурунда командалар актуалдуу темаларды талкуулап, өз көз карашын далилдөөгө аракет кылышты. Жеңишке жетишкен ОшМУнун командасы жогорку интеллектуалдык потенциалын көрсөтүү менен бирге, логикалык ой жүгүртүү жана маалыматты так жеткирүү жөндөмүнө ээ экенин дагы бир ирет далилдеди. Эске салсак, өткөн 2024-жылы ушул эле дебаттан 2-орунду багындырган.