ОшМУнун журналистика адистигинин студенттери эл аралык фестивалга ктышышты

2025-03-28 09:40:15 63

Борборубуз Бишкек шаарында салтка айланган "Жоогазын" фестивалы Кыргыз улуттук университетинин уюштуруусу менен өтүп жатат. Бул «Жасалма интеллект доорундагы коммуникациялар: автоматташтыруудан персоналдаштырууга» аттуу студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясына Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика адистигинин студенттери үчүнчү жылы катары менен активдүү катышууда. Фестивалга Кыргызстан жана коңшу мамлекеттерден келген студенттер, чыгармачыл топтор катышууда. Атап айтканда, иш-чарага Казакстандагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, Кыргыз улуттук университети, Москва мамлекеттик университети, Уральск университетинин студенттери да келип, өз ара тажрыйба алмашып, кесиптик байланышын кеңейтишүүдө. Фестиваль алкагында студенттер журналистика, медиада өздөрүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, кесипкөйлүк жактан өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүк алууда. Ар түрдүү багыттагы талкуулар, квиздер, дебаттар катышуучулар үчүн пайдалуу билим булагы болууда. Эске салсак, ОшМУнун журналистика адистигинин студенттери буга чейин да катышып байгелүү орундарды багындырган болчу.