Бишкекте “InKoom” долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

2025-03-28 09:13:34 59

26-мартта Бишкекте Евробиримдиктин каржылык колдоосу менен “Социалдык технологиялар агенттиги” бейөкмөт уюму ишке ашырып жаткан “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Аталган Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигинин окутуучулары – М.Мамырова, А.Умарова катышышты. Долбоордун алкагында Кыргызстандын ЖОЖдорунда журналистика сабагын окутууда пайдаланууга ылайыкташтырылган "Инклюзивдүү гендердик журналистиканын стандарттары" аттуу окуу колдонмосу жарык көрдү. Бул колдонмо ЖМКларда теңчилик принциптерин сактоого, ар түрдүү социалдык топтордун укуктарын чагылдырууда этикалык стандарттарды сактоого багытталган. Эске салсак, бул долбоор 2022-жылдан бери өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнүн, эксперттердин жана медиа тармагындагы адистердин катышуусунда ишке ашырылып келет. Максаты – инклюзивдүү жана гендердик тең укуктуулукту камсыздаган журналистиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү.