Журналистика адистигинин студенти "Мен репортёр" сынагына катышты.

2025-03-20 06:43:19 24

1-май 2024-жыл Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде Жогорку окуу жайлар арасында "Мен репортёр" сынагы өткөрүлдү. Сынакка Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Толубай Бурканбеков да катышкан. Ал бул сынакка "Телефон шылуундары" боюнча атайын материал даярдап, уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу белекке ээ болду. Белгилей кетсек Аталган студент окутуучу Махабат Мамырованын жетекчилиги астында көптөгөн сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келүүдө.