"Жоогазын-2024" эл аралык сынагында Журналистика адистигинин студенттери байгелүү кайтышты

2025-03-20 06:23:20 59

Бишкекте Кыргыз улуттук университети тарабынан өткөрүлгөн "Жоогазын" фестивалына ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика адистигинин студенттери да катышты. Аталган фестивалда "Коммуникациядагы жаңы трендер жана технологиялар" деген темада илимий макала жазуу боюнча сынак болуп өттү. Сынакта биздин студенттер Кубанычбек кызы Бүбүсара жана Толубай Бурканбеков 1-орунду ээлесе, ал эми Салиева Айдана "Мыкты оратордук чеберчилик" номинациясына, Табалдиев Байстан "Мыкты практикалык изилдөө" номинациясына ээ болушту