Жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү

2025-03-18 06:37:39 40

2025-жылдын 18-мартта саат 9:00дө Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунда журналистика адистигинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн 1-курсунун окуу-таанышуу жана 2-курсунун өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чараны журналистика кафедрасынын башчысы, доцент Чынара Ильиясовна Абдиева ачып, практиканын маанилүүлүгүн белгилеп, студенттерди практикалык иштерин презентациялоого чакырды. Конференцияда студенттер практика учурунда аткарган иштери боюнча отчетторун сунуштап, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. ОшМУнун журналистика кафедрасы студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу максатында мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет.