Студенттерге академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча маалымат берилди

2025-03-13 05:52:20 49

Журналистика кафедрасынын башчысы Ч. Абдиева 1-курстардын студенттери үчүн академиялык мобилдүүлүккө кантип барып окуп келүү боюнча презентация жасады. Презентацияда академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрү, студенттер үчүн пайдалуулугу, башка университеттер менен тажрыйба алмашуу жана ар түрдүү стажировкалар тууралуу маалымат берилди. Студенттерге өз адистиги боюнча билим алып, дүйнө жүзүндөгү билим берүү уюмдарында тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берилерин айтып, бул процесс үчүн зарыл болгон документтер, талаптар жана кадамдар жөнүндө кеңири маалымат берди. Презентация студенттерди академиялык мобилдүүлүккө кызыктырып, алардын глобалдык билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталды.