Сейил Эргешова "Гендердик зомбулукка каршы активдүүлүктүн 16 күнү" аймактын форумуна катышты

2025-03-12 09:38:33 32

Бишкекте өтүп жаткан "Гендердик зомбулукка каршы активдүүлүктүн 16 күнү" кампаниясынын алкагындагы аймактык форумга Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары Сейил Эргешова катышты. Аталган иш-чарада билим берүүдө жана медиада гендердик сезимтал журналистиканы жайылтуудагы жетишкендиктер талкууланды. Ошондой эле "ЖМКнын гендердик-этикалык кодексине" кол коюлуп, гендердик-сезимтал журналистика боюнча курс жана медиа мониторингдин жыйынтыктары сунушталды.