Журналистика адистигинде "Заманбап медиа талап кылган адистерди даярдоодогу ЖОЖдордун ролу" аталышындагы конференция өттү

2025-03-12 09:33:28 32

Бүгүн, 12-декабрда Журналистика адистигинде "Заманбап медиа талап кылган адистерди даярдоодогу ЖОЖдордун ролу" аталышындагы конференция өттү. Ага УТРК ОШ медиасынын директору Эрмек Муратбек Уулу, ОшТВ Каналы директору Maratbek Akimbekov, АКИпресс-Ош редактору Адашгул Акматова, Ош жаңырыгы гезитинин башкы редактору Asanbek Pazyl, Илим Билим каналынын директору Динара Касымова, ошондой эле сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдүн сап башында турган Казыбек Мамасадыков, Абдумалик Базарбаев, Нурдоолот Омуралиев катышышты. Конференциянын жүрүшүндө өндүрүштүк практикада болуп келген 2-курстун студенттери практикалык презентацияларын көрсөтүштү, экинчи бөлүгүндө болсо "Канткенде билим берүүнү жакшырта алабыз жана заманбап медианын талабына ылайык мыкты адисттерди тарбиялай алабыз?" деген темада талкуу болду. Б.а. университетте кандай шарттар бар, дагы кандай шарттар түзүлүшү керек деген суроонун алкагында ММК өкүлдөрүнүн пикирлери угулду. Мындан сырткары ар бир медиа жетекчи өзнүн тармагы боюнча сунуштарын беришти.