6-декабрда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата конок лекция өтүлдү

2025-03-12 09:23:31 25

Журналистика адистигинин студенттери үчүн бүгүн, 6-декабрда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын (UDHR) 75 жылдыгына карата конок лекция өтүлдү. Лекцияны укук таануучу Акылбек Ташбулатов өттү. Адам укуктарынын жалпы декларациясында (UDHR) жалпы адам укуктарын коргоо, аларды бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү туурасында баса белгиленет. Бул адам укуктары жаатындагы эң маанилүү жана тарыхый документ.