"Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" кампаниясына журналистика адистигинин студенттери да катышышты

2025-03-12 09:15:42 46

Глобалдык "Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" кампаниясына журналистика адистигинин студенттери да катышышты. MediaSabak фондунун өкүлү Кундуз Жекшен Кызы Guiz Night оюну аркылуу студенттерге гендердик-сезимтал журналистика боюнча маалымат берди. Аталган глобалдык кампания жыл сайын 25-ноябрда Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюунун Эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин уланат.