Журналистика адистигинин студенти Арууке Камалова 1200 АКШ долларлык "Атуулдук стипендиясына" татыды

2025-03-12 09:09:28 28

Журналистика адистигинин 4-курсунун студенти Арууке Камалова ОшМУнун 1200 АКШ долларлык "Атуулдук стипендиясына" татыды Биздин студентибиз университеттеги эң мыкты 10 студенттин катарына кирип, ушундай сыйлыкка татып жаткандыгына сыймыктанабыз. Кыргызстандагы эң абройлуу стипендиялардын катарындагы ОшМУнун “Атуулдук стипендиясы” окуу жайдын эң мыкты 10 студентине тапшырылды. Стипендия тапшыруу ушул жылдын 29-ноябрь күнү “Атуулдук стипендиянын” 10 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу кечеде өттү.