"текшердим" маалыматтык компаниясынын алкагында студенттер үчүн 16-октябрда ачык лекция өткөрүлдү.

2025-03-12 07:56:10 38

Ош мамлекеттик университетинде "текшердим" маалыматтык компаниясынын алкагында студенттер үчүн 16-октябрда ачык лекция өткөрүлдү. Лекцияны ОшМУнун Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева ачып берди. Ал эми Бишкектен келген медиасабаттуулук боюнча эксперттер Тынымгүл Эшиева, Айсулуу Текимбаева жана Ысмайыл Карыпов маалыматтарды бир нече булактардан текшерүүнүн жолдорун, объективдүү чагылдыруунун зарылдыгын айтып беришти. Лекциянын аягында медиасабаттуулук боюнча quiz оюну уюштурулуп, анда башкы байгени журналистика адистигинин 3-курсунун студенти Жаркынайым Полотбек Кызы багындырды. «Текшердим» Кыргызстандын бардык ЖОЖдорунда Бүткүл дүйнөлүк медиа сабаттуулук жумалыгынын алкагында уюштурулууда.