Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттеринин арасында "Чыныгы интеллект"интеллектуалдык оюн уюштурулду.

2025-03-12 06:50:10 39

"Чыныгы интеллект" таймашында "Демилге" командасы биринчи орунду багындырды Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттеринин арасында "Чыныгы интеллект" деген аталышта интеллектуалдык оюн уюштурулуп, анда журналистика адистигинин 1-3-курстун студенттеринен куралган команда жеңишке жетти. Куттуктайбыз Аталган оюн үч турдан туруп, ага беш команда катышты. Анын уюштуруучулары Айзирек Гадаева жана Байстан Табалдиев болду. Таймаштын аягында журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова командаларды кызыктыруучу сыйлыктар жана сертификаттар менен сыйлады.