УТРКНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ БОЛОТ ТИЛЛЕБАЕВ ОШ МУДА

2025-03-12 06:43:52 38

УТРКнын башкы директору облустук телерадиону түптөө максатында Болот Тиллебаев ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, журналист кадрларды даярдап чыгарып жаткан кафедранын чакан телерадио студиясын көрүп чыкты. Ошондой эле Тиллебаев окуу жайдын “Маркетинг, коммуникация жана коомчулук менен байланыш борбору” маалымат бөлүмүндөгү студенттик “Үмүт” телестудиясынын материалдык-техникалык базасы менен таанышты. “ОшМУнун “Үмүт” телестудиясында даярдалып жаткан видео контенттерди УТРКнын "КТРК", "Музыка", "Маданият-Тарых-Тил", "Баластан", “КТРК Спорт” телеканалдарына жөнөтүңүздөр. Мыкты даярдалган берүүлөрдү чыгарып, кызматташууга даярбыз”, -деди башкы директор. Учурда “Үмүт” телестудиясы тарабынан университеттин жаңылыктары, маалыматтары чагылдырылып, таанып-билүүчүлүк программалар, автордук көрсөтүүлөр даярдалып келет.