Журналистика кафедрасынын окутуучулары "Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү" семинарына катышты

2025-03-12 06:39:37 30

ОшМУнун журналистика кафедрасынын окутуучулары "Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү" семинарына катышты 2022-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын окутуучулары "Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү" темасындагы семинарына катышты. Бул семинар жогорку билим берүү секторунда туруктуу өнүгүү жана экологиялык билим берүүнү күчөтүү максатын көздөйт Семинарда катышуучуларга туруктуу өнүгүүнүн мааниси, биоартүрдүүлүктү сактоонун ролу жана маалыматтык кампаниялар аркылуу экологиялык билим берүүнү жогорулатуу боюнча кеңири маалымат берилди. Бул семинар университеттин педагогикалык коллективи үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк болуп, алар өзүнүн окутуучу ишмердигинде туруктуу өнүгүү жана экологиялык маселелерге багытталган жаңы методологияларды жана иш-чараларды колдонууну улантышат. Семинардын жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды.