Студенттердин практика өтөөсү боюнча келишимдер түзүлдү

2025-03-12 06:10:54 28

Бишкекте өткөрүлгөн “Мен репортёр” видеороликтер сынагынын жыйынтыгы боюнча иш-чарага барган Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары Нуржамал Мапаева жана журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова Бишкек шаарындагы ММКлар менен студенттердин практика өтөөсү боюнча келишимдерди түзүштү. Мындан ары журналистика адистигинин студенттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-борборлорунда практика өтөй алышат. Ошондой эле, мындай келишимдер 7-канал менен, “Санжыра” жана “Марал” радиолору менен түзүлдү.