“Мен репортёр” сынагында ОшМУнун журналистика адистигинин студенттери байгелүү орунга ээ болушту.

2025-03-12 06:05:53 30

Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институту тарабынан уюштурулган “Мен репортёр” видеороликтер сынагынын жыйынтыгы болуп өттү. Ага Ош МУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары Нуржамал Мапаева, журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова, ошондой эле сынакка катышуучу болуп барган 2-курстун студенти Муслима Довурова жана Айпери Мамытбекова катышышты. “Мен репортёр” видеороликтер сынагында биздин студенттер Муслима Довурова 2-даражадагы диплом жана баалуу белек, Айпери Мамытбекова Ыраазычылык кат жана 3000 сом менен сыйланды. Жыл сайын өтүүчү салтанаттуу иш-чараны КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк ачып, өз сөзүндө "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунун негизинде болгон сынактын маанилүүлүгүнө, актуалдуулугуна токтолуп, кургак учук илдетинин көрсөткүчү жогору болгон өлкөнүн экономикалык, социалдык абалы төмөн дегенди түшүндүрөрүн, ошондуктан дартты айыктыруу мүмкүн экендигин, калкка, элге туура маалымат жеткирүүдө болочок журналисттердин орду чоң экендигин баса белгиледи. Мындан сырткары өлкөдө өзгөчө статуска ээ болгон беш жогорку окуу жайлардын ичинен журналистика адистигине даярдаган окуу жайлар (ОшМУ жана КУУ) эл аралык статуска жетүү үчүн биргешелип түрдүү иш-чаралады өткөрүү боюнча макулдашылды.