Журналистика кафедрасы Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V Кинофорумунун ачылыш аземине катышышты

2025-03-12 05:56:51 22

Журналистика адистигинин студенттери жана окутуучулары Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V Кинофорумунун ачылыш аземине катышышты. Аталган форум 11-майда ОшМУнун башкы корпусунда старт алды. Ал төрт күнгө созулат. Кинофорум советтик кыргыз режиссёр айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына карата уюштурулуп, ал Швейцария өкмөтүнүн жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин каржылык колдоосу, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош шаардык мэриясынын көмөгү менен өткөрүлүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Республикаларынан келген 14 айым-режиссёрлордун көркөм жана даректүү тасмалары көрсөтүлөт. Кинофорумдун алкагында Түштүк Корея, Түркия жана Казакстандан келген киночулар тарабынан мастер-класстар, семинарлар, ата мекендик кинематографисттердин катышуусунда талкуулар уюштурулат. Бүгүнкү программа боюнча Түркиядан, Кореядан жана Казакстандан келген кинематографисттердин мастер-класстары болоору күтүлүүдө.