Журналистика кафедрасы жөө жүрүшкө катышты

2025-03-12 05:51:43 30

1-май - Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы жөө жүрүшкө Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин жамааты да катышты. Жөө жүрүштүн катышуучулары «Өчпөс от» мемориалдык комплексинен, шаардын борбордук аянты аркылуу С.Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драма театрына чейин жөө басып өтүштү.