“Көрөңгө” акыл таймашы болду

2025-03-12 05:17:11 30

Журналистика адистигинин студенттеринин арасында “Көрөңгө” акыл таймашы болду. Оюндун шарты боюнча ага ар бир тайпадан бирден студент куратору менен чыгып, ондон суроого жооп бериши шарт. Таймаштын алып баруучулары Толубай Бурканбеков жана Элина Майрамбек кызы болушту, ал эми калыстар тобун Журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова жетектеди. Жыйынтыгында “Демилге” командасы (3-курс, Жк-1-20 тайпасы) жеңишке жетти. Биринчиликти багындырган Гадаева Айзирек биринчи даражадагы Диплом менен сыйланды. Анын куратору Чынара Абдиева. Экинчи орунду Бекзат Орозбаев багындырды. Куттуктайбыз, женүүчүлөр. Акыл - денизден терен, билим - тоодон бийик.