Журналистика кафедрасынын окутуучулары "Журналистика факультеттеринде окутуунун жаны ыкмалары" аттуу тегерек үстөлгө катышышты.

2025-03-11 04:31:30 54

Журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова жана окутуучу Зарина Маматжанова 11-апрелде Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Журналистика бөлүмү тарабынан уюштурулган "Журналистика факультеттеринде окутуунун жаны ыкмалары" аттуу тегерек үстөлгө катышышты. Ага Ош мамлекеттик университетинин, Жусуп баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Хусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин, Кыргыз-орус славян университетинин журналистика адистигинин окутуучулары катышты. Окутуучулар өздөрүнүн окутуудагы тажырыйбалары жана ыкмалары менен бөлүшүп, студенттердин билимин жакшыртуу боюнча ой-пикирлерин жана сунуштарын ортого салышты. Тегерек үстөлдүн максаты - журналистка факультеттеринде адистикке окутуунун эл аралык тенденциялары жөнүндө маалымат алуу, окуучу-профессорлор ортосунда окутуунун заманбап, жаны ыкмалары боюнча тажрыйба алмашуу жана кесипке үйрөтүүнү жакшыртуу боюнча келечектеги кызматташтыкка өбөлгө түзүү болду.