Журналистика адистигинин студенти Медиа Укук мектебинин бүтүрүүчүсү болду.

2025-03-11 04:25:28 31

Журналистика адистигинин 4-курсунун студенти Өмүрбек Сатыбалдыев Институт Медиа Полиси уюму тарабынан уюштурулган Медиа Укук мектебинин бүтүрүүчүсү болду. Аталган мектеп 10 күнгө созулду. Биздин студент медиа укук жаатында эксперттер менен бирге сөз жана пикир эркиндиги, аларды чектөөнүн негиздери, маалыматка жетүү укугу, жеке маалыматтарды, жеке жашоону коргоо жана башка көптөгөн маселелерди талкуулады. Ошондой эле Медиа Укук мектебин бүтүрүүнүн жыйынтыгы боюнча Сатыбалдиевге сертификат ыйгарылып, лекцияларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирилди.