ОшМУнун журналистика адистигинин студенттери “Жоогазын” улуттук фестивалына катышышты

2025-03-07 08:15:12 85

Бишкекте өтүп жаткан Реклама жана ПР боюнча “Жоогазын” улуттук фестивалынын алкагында "Трансформация digital-коммуникаций в современном мире" аталышындагы студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Журналистика адистигинин 3-курсунун студенти Арууке Камалидинова , 2-курсунун студенти Жаркынайым Полотбек Кызы, Мээрим Айтмаматова реклама боюнча презентация жасашты. "Жоогазын" фестивалы Жусуп Баласагын атындагы университетте 16-17-март күндөрү өтөт. Ага ОшМУнун журналистика адистигинен жети студент жана эки мугалим катышты. Конференцияга катышкан студенттер реклама боюнча баяндама жасагандыгын тастыктаган сертификатка ээ болушту. Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз.