“Жоогазын” улуттук фестивалында журналистика кафедрасынын окутуучусу Гульзина Аматова ОшМУ тууралуу презентация жасады

2025-03-07 07:49:59 79

Бишкекте Реклама жана ПР боюнча “Жоогазын” улуттук фестивалы старт алды. Ага Кыргызстандын аймактарынан барган студенттер, магистранттар катышат. Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын окутуучусу Гульзина Аматова ОшМУ тууралуу презентация жасады. Аталган фестиваль Жусуп Баласагын атындагы университетте 16-17-март күндөрү болду. Фестивалдын уюштуруучусу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультети. Фестивалдын максаты - рекламы жана PR жаатында студенттердин жана практиктердин ортосундагы диалогду камсыз кылуу, бизнес-коомчулугуна студенттерди интеграциялоо. Фестивалга ОшМУнун журналистика адистигинен жети студент жана эки мугалим катышты.