Практиканын конференциясы болуп өттү

2025-03-07 07:28:01 73

Журналистика адистигинин 3 жана 4-курста окуган студенттери бир айлык практикадан кийин сезимдери жана өздөштүргөн жаңы билимдери менен бөлүшүп жаткан учурдан кадрлар. Журналистика адистигинде 3-курстарга өндүрүштүк практика, ал эми 4-курстарга квалификациялык практика каралган. Алар Ош МУнун "Нур" гезитинде, "Үмүт" телестудиясында, Ынтымак КРТРКсында, Т-Медиада, ЭлТРде, Ош облустук администрациясынын пресс-борборунда, Ош мэриясынын маалымат кызматында, Ош Пирим жана Ош ТВ телеканалдарында практика өтөп, буга чейин алган теориялык билимдери менен практиканы айкалыштырышты.