Ютубер Адыл Акжол уулу жана Илим Билим каналынын директору Казыбек Мамасадыков студенттер менен жолугушту

2025-03-07 07:18:01 40

2023-жыл 25-январда ЭлТРдин генералдык директорунун орун басары жана белгилүү ютубер Адыл Акжол уулу жана Илим Билим каналынын директору Казыбек Мамасадыков Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика адистигинин студенттери менен жолугушту. Акжол уулу да, Мамасадыков да ОшМУнун журналистика адистигинин бүтүрүүчүлөрү экенин белгилегибиз келет. Биздин сыймыктуу, журналистика айдынында таанымал болуп калган бүтүрүүчүлөр байма-бай болочоктогу журналисттер менен жолугушууну салтка айландырган. Бул студенттерге дем жана багыт берет. Жолугушууда журналисттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти.