"Профессионалдык журналистиканын өнүгүүсүнүн заманбап чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү" аттуу конференциясы өттү

2025-03-06 08:26:58 38

13-14-май "Профессионалдык журналистиканын өнүгүүсүнүн заманбап чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү" деген практикалык конференция Республикалык деңгээлде Ош мамлекеттик университетинде болуп өттү. КРнын окуу жайларынын профессордук-окутуучулар жамааты, "Мыкты Калем" программасынын катышуучулары, ОшМУнун Журналистика адистигинин студенттери жана Бишкектеги ЖОЖдун Журналистика факультеттеринин студенттери катышышты.