Журналистика кафедрасынын студенттери Өзбекстан мамлекетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келе алышат

2025-03-06 08:05:09 34

ОшМУнун Журналистика кафедрасы менен Өзбекстан мамлекеттинин дүйнөлүк тилдер университетинин Медиа жана коммуникация факультетинин ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча меморандум түзүлдү. Журналистика кафедрасынын студенттери Өзбекстан мамлекеттик университетинин Медиа жана коммуникация факультетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келе алышат. Эки университеттин ортосунда меморандум ОшМУнун ректорунун колдоосу менен э түзүлдү .