Диктор Чынара Капарова Журналистика кафедрасынын студенттери менен жолугушту

2025-03-06 07:12:28 23

Тележурналистика жаатында дээрлик 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар диктор Чынара Капарова Журналистика кафедрасынын студенттери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Чынара Капарова журналистиканын түйшүгү менен жемиши, жыргалы менен кууралы жөнүндө кеп кылып, студенттерге өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Студенттер жылуу маанайда тосуп алып, өзүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышты. "Силердин дилгирлигиңер, зиректигиңер, китепке кызыкканыңар мага абдан жакты. Силер биздин келечегибизсиңер. Мен ушул жылдын аягына чейин силер менен байланышта боломун жана эң көп чыгарма окугандарга окуу жылдын аягында белегимди берип жиберемин" деп, убадасын берип сөзүн жыйынтыктады Ч.Капарова.