"Медиа сабаттуу болуу - учурдун талабы" аттуу медиа форум болуп өттү

2025-03-06 06:53:22 64

2021-жыл 06-декабрь "Медиа сабаттуу болуу - учурдун талабы" аттуу форум болуп өттү.Медиа форумга Ош шаарынан, Кара-Суу жана Ноокат райондорунан журналистикага кызыккан окуучулар, мектептик медиа бурчтарды алып барган мугалимдер, ОшМУнун журналистика адистигин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр, ММКда эмгектенген кесиптештер келишти.Журналистика Кафедрасынын жамааты 300дөн ашуун катышуучуну чогултуп, кесипке багыт берүү максатында жаш муундар менен пикир алышты. Журналистика адистигинде окуп жаткан студенттер болсо өздөрү жасаган репортаждарды адистикке кызыктыруу максатында окуучуларга көрсөтүштү. Мындан сырткары кафедранын окутуучулары медиасабаттуулук боюнча мектеп окуучуларына маалымат беришип, чакан конкурстарды уюштурду.