Белгилүү журналист Абдугани Абдугафуровдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү
2025-03-06 06:43:04
31
2021-жыл 5-ноябрь белгилүү журналист Абдугани Абдугафуровдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара белгиленди.
7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жазуучу, драматург, сатирик, котормочу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Данакер” ордени, “Данк” медалынын ээси, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер, белгилүү журналист Абдугани Абдугафуровдун “Өмүр сересиндеги өрнөктүү өмүр” аттуу 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп өттү.
Маараке ээси А. Абдугафуров КР ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынын төрагасынын кеңешчиси, КР Премьер-Министринин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси, Ош шаардык кеңешинин үч жолку чакырылышы боюнча депутат болгон. “Оштун белгилүү адамдары” аттуу китеп жазып, ал 2002-жылы Жолон Мамытов атындагы эл аралык адабий сыйлыкка татыган.
Мааракеге университеттин ректору К.Г.Кожобеков, Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице мэри В.К.Рыскулова, Ош шаарынын мэриясынын укук, тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Т.Б.Айтматова, улуттар аралык “Достук” ассамблеясынын төрагасы Б.Нурумбетов, жазуучу, коомдук активист С.Шарипова, филология илимдеринин доктору, профессор Б.К.Укуева, Россия илим жана маданият борборунун өкүлү З.Я.Мискичекова, “Ош содаси” гезитинин редактору С.Шакирова, "Ош шаамы" гезитинин редактору Б. Исмаилова, Өзбек улуттук борборунун өкүлдөрү жана жакын санаалаштары катышты.
Иш-чара Журналистика кафедрасы тарабынан уюштурулду. Кеченин жүрүшүндө студенттер А.Абдугафуровдун калемине таандык мини анекдотторун жана «Баймат жок», «Врач менен пациент» интермедияларын аткарышты. Ошондой эле концерттик программалар менен коштолду.