Эрнист Темирхан ОшМУнун журналистика кафедрасына лекция өттү

2025-03-06 06:39:58 33

2021-жыл 28-сентябрь ОшМУнун журналистика кафедрасынын конок-лектору - Эрнист Темирхан! ОшМУнун журналистика адистигинин студенттерине конок лекцияга Спутник Кыргызстан эл аралык маалымат агенттигинин продюсери, эксперт Эрнист Алымбаев (Эрнист Темирхан) келди. Ал «Мультимедиалык журналистика» деген темада студенттерге көрсөтмөлүү лекция өттү. Журналистикадагы жаңы медиага байланыштуу презентация, атайын видео материалдарды даярдап келип студенттерге жаңы методтор менен жаңылык даярдоону үйрөттү. Мындан сырткары суроо-жооп болуп, студенттер жеткиликтүү жоопторду алышты.