Журналист Байыш Төлөнөвдун 70 жаш мааракеси белгиленди!

2025-03-06 06:35:58 37

2021-жыл 23-сентябрь журналист Байыш Төлөнөвдун 70 жаш мааракеси белгиленди! Иш-чара Журналистика кафедрасы тарабынан уюштурулуп, студенттер тарабынан концерттик программалар, Б.Төлөнөвдун калемине таандык ырлар, чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды. Мааракеге университеттен Инвестициялар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Жанболот Турсунбаев, Байыш Төлөновдун жакын санаалаштары, кесиптештери жана факультет жамааты катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Байыш агайдын өмүр таржымалын, эмгектерин чагылдырган ролик коюлду. Ошондой эле ал эмгек жолунда радио бөлүмүндө редактор, теледе редактор, комментатор, баяндамачы, алып баруучу кызматтарын аркалаган. Учурда «ЭлТР» Мамлекеттик телерадио компаниясында жаштардын насаатчысы болуп иштеп келет.