Журналистика Кафедрасынын улук окутуучусу Махабат Мамырова диссертациялык иши алдын ала коргоодон өттү

2025-03-06 06:17:03 31

2021-жыл 12-апрелде Журналистика Кафедрасынын улук окутуучусу Махабат Мамырованын "Эгемендүү Кыргызстандын түштүк аймагындагы гезиттердин өнүгүүсү (1991-2017-жж.)" деген темадагы диссертациялык иши алдын ала коргоодон өттү. Ага ф.и. докторлору, профессорлор В.Сабирова, Г.Жамгырчиева, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сатканбай Момуналиев, ф.и.кандидаттары Б.Исаков, Нуржамал Мапаева, Сейил Эргешова, Курманжан Нармырзаева, "Ош Жанырыгы" гезитинин редактору Кыдыралиева Канымжан, "kloop.kg" сайтынын Оштогу бөлүмүнүн редактору Зарина Маматжанова жана кафедра мүчөлөрү Айжан Умарова, Чынара Абдиева, Мээрим Осмонали Кызы, Бегимай Женишбековна Калилова катышты.